Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 9-январы № 3-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын курамында:
курамга төмөнкүлөр киргизилсин: Садыбакасов А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; Чолоев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын хронометраждык иликтөөлөрдү контролдоо жана рейддик контролдоо бөлүмүнүн башчысы; Эрмеков Б.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын начальниги; Мусаев К.А., Кумашов К.А., Элеманов А.И. комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.