Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2007-жылдын 12-февралындагы № 15 Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө (КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 206, 2011-жылдын 26-июлундагы № 129, 2012-жылдын 16-июлундагы № 113, 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу дарактар породаларын сактоого багытталган.
1-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүүгө, сатууга жана сатып алууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдар жасоого, экспорттоого, анын ичинде санитардык кыюуга 2030-жылга чейин тыюу салынат, токойду кыюусуз кыйраган дарактардан тазалоо жана токойду багуу иретинде кыюу буга кирбейт. Кыргыз Республикасынын аймагында жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү транспорттук магистралдык жолдорду куруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилгин чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга жол берилет. Өзгөчө баалуу дарактардын породаларын кыюу токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле даярдалган жыгачтарды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык токойду сактоого, коргоого, өстүрүүгө, токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга жана белгилүү бир түрдөгү кыйылган бир дарактын ордуна, тиешелүү түрдөгү 100 көчөттү олтургузуу пропорциясында компенсациялык чараларды колдонуу менен кыйылууга жаткан дарактарды калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 129, 2012-жылдын 16-июлундагы № 113, 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Мыйзамсыз өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуда, ташууда, сатып алууда жана сатууда, даярдоодо жана пайдаланууда, буюмдарды жасоодо, экспорттоодо ишти жасоо куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган (өзгөчө баалуу дарак породаларын, даярдалган буюмдар, курулган имараттар жана курулуштар ж.б.) же буюмдарды жана чийки заттарды кайра иштетүүгө колдонулган (цехтер, тактай тилгичтер, автотранспорт), имараттарды жана курулуштарды курууга колдонулган (Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынан жасалган терезе кашектери, эшиктер, ар кандай конструкциялар) конфискацияланууга жатат. Конфискацияланган жаңгак тамырлары, уюлдары жана жыгачтары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте колдонулушу, сатылышы же жок кылынышы мүмкүн. Мыйзамсыз иштен түшкөн кирешелер тартып алынып, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузууда күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. (КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында камтылган ченемдер ушул Мыйзамга карама-каршы келсе анда ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
4-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин конфискацияланган (секвестирленген) жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилигинде сакталып турган 186,3 куб.м көлөмүндөгү жаңгак жыгачтары жана 7 тонна көлөмдөгү жаңгак уюлдары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап жыйырма эки айдын ичинде Өкмөт белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында сатылууга, ташылууга, пайдаланууга же жок кылынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. (КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 206, 2012-жылдын 16-июлундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-статьясынын 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө ылайык Мыйзамга кол коюлду деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 25
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Обобщение судебной практики по уголовным делам о преступлениях против экологической безопасности и природной среды рассмотренным судами в период с 2022 года по 1 полугодие 2024…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 28.01.2025
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б (Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.08.2013 · № 330-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 127-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.04.2012 · № 127-р
- Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу…Закон · 16.07.2012 · № 113
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Обобщение судебной практики по уголовным делам о преступлениях против экологической безопасности и природной среды рассмотренным судами в период с 2022 года по 1 полугодие 2024…Обзор судебной практики · 28.01.2025
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (25)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.01.2020 · № 23
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 652 "Об утверждении Правил рубки особо ценных древесных пород в Кыргызской Республике"Постановление · 31.12.2018 · № 652
- Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилген)Порядок · 09.04.2013 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасында токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун иретинде келип түшкөн…Постановление · 20.02.2019 · № 74
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 632-IV "2008-жылдын 19-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2008 · № 632-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 395-IV "2008-жылдын 22-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2008 · № 395-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1743-VI "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып…Постановление · 22.06.2017 · № 1743-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-сентябрындагы N 639-IV ""Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактарын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатып…Постановление · 19.09.2008 · № 639-IV
- КР Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1492-VI "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 13.04.2017 · № 1492-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 850-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 850-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 851-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 851-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 852-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 852-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1764-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 06.04.2012 · № 1764-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы №1918-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 17.05.2012 · № 1918-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы №2043-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 14.06.2012 · № 2043-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 406-IV ""Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 22.05.2008 · № 406-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1491-VI "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана…Постановление · 13.04.2017 · № 1491-VI
- Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 15.01.2007 · № 2 · Күчүн жоготкон
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.