Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 9-апрели № 183 Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнун 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бул токтомдон келип чыккан уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы 186,3 куб. метр көлөмүндө конфискацияланган жаңгак жыгачтарын жана 7 тонна өлчөмүндө жаңгак тамырларын жана уюлдарын Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия тарабынан чечим чыгарылганга чейин ушул токтомго ылайык кабыл алууну жана сактоону камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнун 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун колдонууну токтото туруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 244 токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б (Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.08.2013 · № 330-р
- Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилген)Порядок · 09.04.2013 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 "Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2015 · № 417
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча)…Постановление · 23.04.2009 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.10.2013 · № 575 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча)…Постановление · 23.04.2009 · № 244 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.