Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-31.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 20-январы № 20 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230 а-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуу.".
2. 16-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын:
"34-1-статья. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында байланыш линияларын куруу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 179
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 176-р (2011-жылы жаздык себүүнү өткөрүү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндерин акысыз негизде бөлүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.11.2010 · № 176-р
- Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 8 "Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2018 · № 8
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-майындагы № 3072-VI "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи…Постановление · 23.05.2019 · № 3072-VI