Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-марты № 61 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы № 48 токтому менен 2016-жылдын 22-мартына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, болбой калган. Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 2-мартындагы № 49 буйругу менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.М.Абдыкадыров, Талас райондук прокуратуранын жана айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясынын токтомдоруна ылайык, ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 9-мартындагы № 27-т буйругу менен Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейшембаев, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын 8-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 13-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Кочкор, Нарын, Талас жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 83 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 19.04.2016 · № 83
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 79 "2016-жылдын 4 жана 8-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 13.04.2016 · № 79
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 87 "2016-жылдын 13-апрелинде өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке…Постановление · 25.04.2016 · № 87
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы № 48 "Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор…Постановление · 03.03.2016 · № 48
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.