Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2016-жылдын 4 жана 8-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-апрели № 79 2016-жылдын 4 жана 8-апрелинде өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 53 токтому менен 2016-жылдын 4-апрелине дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш; 2016-жылдын 25-мартындагы № 61 токтому менен 2016-жылдын 8-апрелине дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Сокулук, Кочкор жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Уметалиев Тилектеш Токтобекович табылсын.
2. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Исираилов Зарылбек Абасович табылсын.
3. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1 Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алсейитов Уланбек Сагынбекович табылсын.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А. Шайымкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-мартындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 25.03.2016 · № 61
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 53 "Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 16.03.2016 · № 53
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон