Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 48 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-февралындагы № 95 буйругу менен Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Сапаров, 24-февралындагы № 97 буйругу менен Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбек тиешелүү райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдеринин биринчи орун басарлары болуп дайындалган. Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 1-мартындагы № 05 буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Сыдыканов, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 22-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жумгал, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-мартындагы № 60 "2016-жылдын 15,18 жана 22-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 25.03.2016 · № 60
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-мартындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 25.03.2016 · № 61
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.