Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2001-жылдын 10-февралы ПУ № 56
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82, 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 324 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик компьютердик тармакты түзүүнүн жана анын маанилүү чакан системаларынын бири-бирдиктүү укуктук маалыматтар системасын калыптандыруунун, анын маалыматтар базасынын электрондук түрдө натыйжалуу иштешинин чегинде, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын, юридикалык жактарды жана өлкөнүн жарандарын, дүйнөлүк шериктештикти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү маалыматтар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында токтом кылам: (КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалыматтар Борборунун ченемдик укуктук актыларынын базасында кагазда жана электрондук түрдө укуктук маалыматтардын Борбордоштурулган банкы (мындан ары-УМББ) түзүлсүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. УМББга төмөнкүлөр киргизилет деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын кодекстери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
- ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;
- мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери.
Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актылар (актылар) УМББга киргизилбейт. (КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82, 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 324 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Бул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар (актылар) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды кабыл алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө УМББга жиберилет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет.
Мындай эл аралык келишимдердин электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине сактоого берилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга берилет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалыматты алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга жиберет. Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана электрондук формасы мындай эл аралык келишимдер түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аларга кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен УМББга жиберилет. Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жөнүндө маалымат алар күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген учурларды кошпогондо) УМББга берилет. (КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жогоруда көрсөтүлгөн укуктук маалыматты электрондук формада алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Ушул Жарлыкты аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматтык камсыз кылуу жана телекоммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын…Приказ · 03.07.2026 · № 132
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик…Приказ · 03.07.2026 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) алуу…Порядок · 03.07.2026 · № 132
- Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 03.07.2026 · № 131
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д буйругу менен…Порядок · 03.07.2026 · № 6-д
- КР Президентинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын…Указ · 20.11.2025 · № 324
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук…Указ · 07.03.2025 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды…Приказ · 25.12.2024 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 марта 2001 года №89 "Вопросы Министерства юстиции Кыргызской Республики"Постановление · 13.03.2001 · № 89 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2001 года №302 "Об утверждении Порядка оформления и предоставления нормативных правовых актов в Централизованный банк данных правовой…Постановление · 28.06.2001 · № 302 · Күчүн жоготкон
- Порядок оформления и предоставления нормативных правовых актов в Централизованный банк данных правовой информации Кыргызской РеспубликиПорядок · 28.06.2001 · № 302 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Юстиция…Порядок · 25.12.2024 · № 4 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган…Постановление · 25.03.2010 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук…Указ · 07.03.2025 · № 82
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Программа развития информационно-коммуникационных технологий в Кыргызской Республике (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 8 ноября 2001 года N 697)Программа · 08.11.2001 · № 697 · Күчүн жоготкон