Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы № 302 „Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына нормативдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №170 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына нормативдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-июнундагы №302 "Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына нормативдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтардын борбордоштурулган укуктук банкына тиркелүүчү нормативдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн ченемдик укуктук актыларды жиберчү органдардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкындагы ченемдик укуктук актыларды таратуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайты аркылуу акысыз негизде жүргүзүлөөрү белгиленсин.";
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына (мындан ары - МББ) Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгынын 2-пункту менен белгиленген ченемдик укуктук актылар киргизилүүгө тийиш.
2. МББга ченемдик укуктук актылар кагаз жүзүндөгүсү менен кошо электрондук сактагычтардагы (компакт-диск, флэш-диск) файл түрүндө чогуу же электрондук почта аркылуу "nра@minjust.gov.kg" дарегине жөнөтүлөт.
Ченемдик укуктук актылардын текстинин файлдарын электрондук почта аркылуу жибергенде "Subject" ("Предмет", "Тема") талаасына ченемдик укуктук актынын реквизиттери, актынын жарыяланган күнү жана булагы көрсөтүлөт.
3. МББга берүү үчүн ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө тариздөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
а) ченемдик укуктук актылардын тексттери электрондук түрдө Microsoft Word редакторунда түзүлөт, эреже катары бир файлга салынат жана DOC же RTF форматында берилет;
б) берилген текстте мамлекеттик жана расмий тилдеги варианттарында, адаттагы тамга менен "Times New Roman" шрифти колдонулат, шрифтин өлчөмү 12;
в) ченемдик укуктук актылардын тексттери электрондук сактагычтарда төмөнкү талаптарды эске алуу менен таризделет:
- абзацтын чегиниши ушул Тартиптин 2-пунктунда саналган тексттик редакторлордо каралган форматка туура келүүчү стандарт каражаттар менен аткарылат;
- сөздөр бири-биринен "боштук" символу аркылуу ажыратылат;
- сөз менен андан кийинки тыныш белгисинин ортосуна "боштук" символу коюлбайт;
- тыныш белгиден кийин "боштук" символу сөзсүз коюлуш керек;
- тырмакча жана кашаалар алардын ичиндеги сөздөрдөн ажыратылбайт;
- тырмакчаларды белгилөө үчүн "бурч тырмакча" символу колдонулат;
- ташымалды белгилөө үчүн "дефис" колдонулбайт, автоматтык түрдө коюлуучу "ийкемдүү" ташымалдар колдонулат;
- "ө", "ң" жана "ү" тамгалары мамлекеттик тилдеги тексттерде гана колдонулат;
- аталышта жана подзаголовокто эгер ал тексттен бөлөк жайгашса, ошондой эле таблицанын аталышында жана таблицанын ичинде турган аталыштарда "чекит" символу коюлбайт;
- кагаз сактагычта мамыча түрүндө жайгаштырылган информация тексттик файлда таблица түрүндө жасалат. Таблица ушул Тартиптин 2-пунктунда саналган форматтарды колдоочу тексттик редакторлордо каралган стандарт каражаттар менен аткарылат;
- таблицанын бир ячейкасында бир гана информация жайгаштырылат. Таблицада бош саптар жана бош мамычалар болбошу керек.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн ченемдик укуктук актыларды жиберчү органдардын ТИЗМЕСИ
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Аппараты;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2001 года №302 "Об утверждении Порядка оформления и предоставления нормативных правовых актов в Централизованный банк данных правовой…Постановление · 28.06.2001 · № 302 · Күчүн жоготкон
- Порядок оформления и предоставления нормативных правовых актов в Централизованный банк данных правовой информации Кыргызской РеспубликиПорядок · 28.06.2001 · № 302 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 743
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндөУказ · 10.02.2001 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Постановление Правительства КР от 28 июня 2001 года №302 "Об утверждении Порядка оформления и предоставления нормативных правовых актов в Централизованный банк данных правовой…Постановление · 28.06.2001 · № 302 · Күчүн жоготкон