Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства Юстиции КР от 21 сентября 2026 года № 7-д "О признании утратившим силу приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики «Об утверждении Порядка оформления и представления нормативных правовых актов (актов) в Централизованный банк данных правовой информации Кыргызской Республики» от 25 декабря 2024 года № 4"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-09-21.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 25-декабры № 4
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу
Укуктук маалыматты берүүнүн сапатын жакшыртуу жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында жарыяланууга тийиш болгон актыларга талаптарды жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 56 “Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук маалымат башкармалыгы:
1) ушул буйрука кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
2) расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Юстиция министринин орун басары О.К. Сыдыковго жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын юстиция министри | | А.Б. Баетов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз…Приказ · 21.09.2026 · № 7-д
- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Юстиция…Порядок · 25.12.2024 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндөУказ · 10.02.2001 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 7-д "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 «Кыргыз…Приказ · 21.09.2026 · № 7-д