73-берене. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда аларга карата талаптар
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Ташуунун, транспорттоонун жана сактоонун кадыресе шарттарында табигый жешилүүнүн же азаюунун натыйжасында товарлардын абалынын жана санынын өзгөрүшүн эсепке албаганда, товарлар аларды белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизген учурдагы абалда жана санда Кыргыз Республикасынын аймагынан иш жүзүндө чыгарылуусу керек. Эгерде товарлардын абалынын начарлашы же өзгөрүшү авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдерде жана стандарттарда каралган учурларда - өлчөөнүн кемчиликтеринен улам товарлардын саны өзгөргөндө жактар ушул берененин жоболорун сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>