74-берене. Бажылык жол-жоболордун түрлөрү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажылык жөнгө салуу максаттарында товарларга карата бажылык жол-жобосунун төмөнкү түрлөрү белгиленет:
1) ички керектөө үчүн чыгаруу;
2) экспорт;
3) бажы транзити;
4) бажы кампасы;
5) бажы аймагында кайра иштетүү;
6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;
7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;
8) убактылуу алып келүү; (уруксат кылуу);
9) убактылуу алып кетүү;
10) реимпорт;
11) реэкспорт;
12) алымсыз соода-сатык;
13) жок кылуу;
14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;
15) эркин бажы зонасы;
16) эркин кампа;
17) атайын бажылык жол-жобо (бажылык максаттар үчүн Бажы бирлигинин бажы аймагында же анын чегинен сырткары товарлардын айрым категорияларын пайдалануунун жана (же) башкаруунун талаптарын жана шарттарын аныктаган бажылык жол-жобо).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн бажылык жол-жобону белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер, эркин кампаны жана эркин бажы зонасын ыңгайлаштырууга, жабдууга жана алардын иштөөсүнө карата коюлган талаптар, эркин кампанын ээсинин милдеттери, эркин кампанын ээси катары ишкердикти жүзөгө ашыруунун шарттары, эркин кампанын жана эркин экономикалык зонанын бажылык жол-жобого киргизилген товарлар жана (же) эркин кампада же эркин экономикалык зонада турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябры № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.11.2016 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-74" title="74-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>