72-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатын алуу үчүн ташуучу чыгарылып жаткан товарлар тууралуу маалыматтар, ошондой эле транспорттук каражат тууралуу маалыматтар камтылган бажылык декларацияны Кыргыз Республикасынын бажы органына берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу документтер жана маалыматтар товарларды жана транспорттук каражатты бажылык максаттарда идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен чектелет.
2. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккандагы маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, транспорт каражаттарынын түрүнө жараша аныкталат.
3. Ташуучу өзү ташыган бардык товарлар тууралуу маалыматтарды бажылык декларацияда Бажы бирлигинин мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген тартипте көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>