71-берене. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан жерлерде жүргүзүлүүчү бажы операциялары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык, чыгарылып жаткан товарларга колдонулуучу белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан уруксат берилгенден кийин жол коюлат. Көрсөтүлгөн уруксат ушул Мыйзамда товарларды чыгаруу үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (239-берене).
2. Өткөргүч куур транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу которуштурулуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана көрсөтүлгөн ыкмалар менен чыгарылуучу товарлардын өзүнчөлүктүүлүгүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
71-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-71" title="71-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>