257-берене. Товарларды, транспорт каражаттарын кароо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 49-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарлардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде эл аралык почта жиберүүлөрүн, жеке жактардын жүгүнүн каралышы бажы контролдугу астындагы товарлардын мүнөзү, тек-жайы, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорттук каражаттарда жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башка басылган идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт.
Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - эгерде мындай кароо транспорттук каражаттардын же анын жүк салынуучу жайларынын ачылганына жана товарлардын таңгагынын бузулганына байланыштуу болбосо, бажы контролунун максаттары үчүн товарлар, жеке жактардын жүгү, транспорттук каражаттар, жүк салынуучу сыйымдуулуктар, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугу сырттан көз жүгүртүп каралат.
3. Бажы контролунун зонасында товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо декларант, товарларга жана транспорттук каражаттарга карата, ыйгарым укуктарга ээ болгон жактар жана алардын өкүлдөрү жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн, буга аталган жактар кароого катышуу ниетин билдирген учурлар кирбейт.
4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыгында товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө дайындар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгү бузулгандыгын же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилер аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы тарабынан Бажы бирлигинин Комиссиясы бекиткен формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыгында товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат.
5. Орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо бажы органынын орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо жөнүндө чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүүдө орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүү тууралуу чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
6. Орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны өткөрүү үчүн керек болгон минималдуу мөөнөттө өткөрүлөт.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
257-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт. кошулду: Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. 2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - эгерде мындай … кароо аны өткөрүү үчүн керек болгон минималдуу мөөнөттө өткөрүлөт. кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-257" title="257-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>