Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
176-берене. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүсү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактардын товарларды алып өтүүсү жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын товарларды алып чыгуусу жана алып кирүүсү үчүн кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
3. Бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорт жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде түзүлгөн маалыматтык маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен камсыздайт.
4. Коштолбогон багажда алынып өтүлүүчү же болбосо ташуучу жеткире турган жеке пайдалануу үчүн товарлардын бажылык декларациясын берүү мындай товарлар турган бажы органына жүргүзүлөт же болбосо мындай товарлар кайда жеткирилгендигине карабастан жеке жак дайыма же убактылуу жашаган региондогу бажы органына декларанттын тандоосу боюнча берилет.
5. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык түшүрмө ордеринин бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-176" title="176-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>