177-берене. Бажы төлөмдөрү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 35-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы төлөмдөрүнө жана салыктарына төмөнкүлөр кирет:
1) алып келүүдөгү бажы алымы;
2) алып кетүүдөгү бажы алымы;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу кошумча нарк салыгы;
4) Бажы бирлигинин аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу (алына турган) акциз (акциздер);
5) бажы жыйымдары (товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн, бажы коштоосу үчүн бажы жыйымы, алдын ала чечим үчүн акы төлөө).
2. Бажы органдары алуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана, эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, алып келүүдөгү бажы алымдарын алуу үчүн ушул мыйзамда каралган тартипте, бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.
3. Жеке пайдалануу үчүн жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата ушул бөлүм Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
177-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- ИНСТРУКЦИЯ "по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей"Инструкция · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-177" title="177-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>