Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
175-берене. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттары катары шарттуу чыгарылган транспорт каражаттарын колдонуу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинин 5-пунктуна, 345-беренесинин 4-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) бажылык жол-жобосуна ылайык алып келинген транспорт каражаттарын, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелген башка транспорт каражаттарын, анын ичинде Бажы бирлигинин бажы аймагына эркин бажы зонасынын бажылык жол-жобосуна ылайык эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары киргизилген транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кайра алып киргизүү аркылуу колдонууга жол берилет.
2. Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, тазалоо жана коргоо же жүргүнчүлөрдү жана (же) кол жүктү тейлөө үчүн арналган атайын жабдууларга карата жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын оңдоодо, техникалык тейлөөдө жана колдонууда пайдаланууга арналган запастык бөлүктөргө карата, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн оңдоонун алкагында алмаштыруунун натыйжасында алардан чыгарылып алынган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасынын жана ушул Мыйзамдын ушул главасынын жоболору колдонулат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-175" title="175-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>