101-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары, товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтү, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операциялар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 239, 240, 241, 243-беренелеринде аныкталган.
2. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн бажылык декларация товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алган жак же товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды тикелей ишке ашыруучу жак тарабынан берилет.
3. Чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 242-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.
4. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтүн аныктоонун жана узартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
101-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-101" title="101-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>