Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр акысыз негизде көрсөтүлөт.
2. Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келген учурда жол берилет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу аны керектөөчүгө жогорку коркунучтун булагы болгон же ишкердик ишке байланышкан объекттерге жана предметтерге ээ болуу жана пайдалануу укугун берет;
2) кайрылуунун көп жолкулугун же болбосо үзгүлтүксүздүгүн караган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, акысыз негизде алгачкы кызмат көрсөтүүнүн шартында, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү кайталап жана кийин ар бир жолу көрсөтүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кызмат көрсөтүүнүн стандартында бекитилгенден ашкан сапаттык параметрлер боюнча көрсөтүү (тездетилген кызмат көрсөтүү, жогорку ыңгайлуулуктун шарттарында кызмат көрсөтүү, керектөөчүнүн турган жери же керектөөчү аныктаган башка жер боюнча кызмат көрсөтүү);
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен бирдей алуу үчүн майыптыгы бар адамдарга жана өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз улгайган жарандарга зарыл шарттарды түзүү кызмат көрсөтүүгө акы белгилөө үчүн негиз болуп саналбайт.
3. Акы төлөнбөй тургандыгы Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринен келип чыгуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт.
4. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Акы төлөө өлчөмү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркынан ашпоого тийиш.
6. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн белгилүү бир категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тиешелүү жеңилдиктер бекемделген шартта акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү өз наркынан төмөн өлчөмдө акы төлөө менен көрсөтүүгө жол берилет.
7. Өзгөчө жеңилдетилген режими бар аймактарда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык акысыз же жеңилдетилген шарттарда берилет.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 51 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен бирдей алуу үчүн алынып салынды: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген кошулду: майыптыгы бар адамдарга кошулду: жана өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз улгайган жарандарга зарыл шарттарды түзүү кызмат көрсөтүүгө акы белгилөө үчүн негиз болуп … үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Акы төлөө өлчөмү мамлекеттик жана … жеңилдетилген шарттарда берилет.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № алынып салынды: 118 Мыйзамынын кошулду: 118, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 19.12.2024 · № 772
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-марты № 128-т "Документтерди тариздөө жана берүү, укуктарды техникалык паспорттоштуруу жана мамлекеттик каттоо боюнча иштерди…Распоряжение · 24.03.2022 · № 128-р
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна 2-тиркеме)Положение · 19.12.2024 · № 772
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.12.2019 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз…Постановление · 21.11.2022 · № 650
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага…Положение · 31.03.2011 · № 129 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 25.10.2022 · № 586 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 25.10.2022 · № 586 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 12.07.2022 · № 370 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-7" title="7-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>