Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 „Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 мая 2024 года № 288 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 12-июлу № 370 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Баткен облусунун калкынын социалдык бакубаттуулугу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) IV бөлүмүндө. Изилдөө, талдоо, баалоо жана. экспертиза тармагында:
- 23-главасынын 12, 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Бул кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:
- Үй-бүлөлүк медицина борборунун же аймактык оорукананын врачынын жолдомосун (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти);
- өтүнмөнү;
- акы төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген)
13
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жана ОАМСЭКД сайтында: www.dgsen.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген
";
2) IX бөлүмүндө. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр:
- 5-главасынын 12, 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти);
- саламаттык сактоо уюмунун кассасына медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген);
- тиешелүү адиске кайрылуу;
- медициналык кызматкердин лабораториялык диагностикалык изилдөөгө жолдомосун көрсөтүү
13
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген
";
- 10-главасынын 12, 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти);
- кийин госпиталдаштыруу менен баштапкы кароодон, текшерүүдөн өтүү;
- көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмунун кассасына акы төлөө (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген). Госпиталдаштырууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта алдын ала текшерүүдөн өткөн бейтаптарды госпиталдаштыруу стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык жана консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз жүргүзүлөт
13
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы
Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген
".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жыл сайын республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына кошумча төлөмдөрдүн ордун толтурууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготту деп таанылган чечимдеринин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Перечень · 29.05.2024 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн. IX…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон

Шилтеме берет (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 29.05.2024 · № 288