Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын «Документтерди тариздөө жана берүү, укуктарды техникалык паспорттоштуруу жана мамлекеттик каттоо боюнча иштерди жүргүзүү каралган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынын (участокторунун)» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 24-марты № 128-т Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынын тургундарына кыймылсыз мүлккө юридикалык документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси:
1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым чек арага жакын айылдарында (участокторунда) кыймылсыз мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнү жана берүүнү, укуктарды техникалык паспорттоштурууну жана мамлекеттик каттоону акысыз негизде тиркемеге ылайык жүргүзсүн;
2) ушул пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин машиналарды жана жабдууларды сатып алууга, имараттарды жана курулмаларды учурдагы жана капиталдык оңдоого каралган каражаттарын оптималдаштыруунун эсебинен жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган иш-чараларды аткаруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүп берүү маселесин карап чыксын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү, укуктарды техникалык паспорттоштуруу жана мамлекеттик каттоо боюнча иштерди жүргүзүү каралган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынын (участокторунун) ТИЗМЕСИ
Райондордун аталышы
Чек арага жакын айылдардын (участоктордун) аталышы
Лейлек
Интернациональное
Ак-Арык (Коммунизм)
Раззаков (Ленин ат.)
Максат
Майты уч.
Борбордук (Центральное)
Арка
Достук
Жаштык уч.
Ак-Босого (Мырза-Патча)
Эски-Оочу
Баткен
Ак-Сай
Капчыгай
Көк-Таш
Миң-Булак
Үч-Дөбө
Таш-Тумшук
Орто-Боз (Говсувар)
Миң-Өрүк
Паскы-Арык
Самаркандек
Достук
Кара-Бак
Кызыл-Бел
Дөбө
Чоң-Талаа
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Баткен облусунун статусу жөнүндөЗакон · 10.09.2021 · № 113
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.