6-берене. Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн критерийлер
Күчүн жоготкон · 17.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга суроо-талаптын болушу;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;
3) ушул мамлекеттик мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;
3) ал муниципалдык мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;
4) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык саналган критерийлерге ылайык келүүсү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реестрге киргизүүнүн шарты болуп саналат.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 19.12.2024 · № 772
- "Акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия үчүн мамлекеттик…Методика · 30.11.2012 · № 804
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна 2-тиркеме)Положение · 19.12.2024 · № 772
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.12.2019 · № 648
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага…Положение · 31.03.2011 · № 129 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети…Постановление · 14.11.2016 · № 577 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205360/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>