Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-06.
КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1992-жылдын 2-июлу № 938-XII Массалык маалымат каражаттары жөнүндө (КР 1993-жылдын 8-майындагы № 1228-XII, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2017-жылдын 4-январындагы № 1, 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53, 2023-жылдын 26-апрелиндеги N 94, 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (КР Жогорку Советинин 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-XII токтому менен кабыл алынган) Бул Мыйзам билдирүүлөрдү массалык маалымат каражаттары аркылуу уюштуруунун жалпы укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерине аныктайт. Мыйзам массалык маалымат каражаттарынын эркин иш жүргүзүшүнө багытталып, алардын мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана граждандар менен болгон мамилелерин жөнгө салат. I глава Жалпы жоболор
1-статья
1-статья. Массалык маалымат каражаттары Мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу газеталар, журналдар, аларга тиркемелер, альманахтар, китептер, бюллетендер, калкка таратууга арналган, туруктуу аталышы бар бир жолку басылмалар, ошондой эле телерадиоканалдар, кино жана көрсөтмө студиялар, мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу уктурма жана көрсөтмө жазылмалар менен программалар массалык маалымат каражаттарына таандык кылынат. Массалык маалымат каражаттарын цензурлоого жол берилбейт. Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт. Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телерадио берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт. Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат. (КР, 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Массалык маалымат каражаттарынын органдары Маалыматтарды калкка таратууну жүргүзгөн анын органдары жана граждандар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болушат. Массалык маалымат каражаттарынын органдары өз уставынын негизинде аны алып барган юридикалык жактар болуп саналышат.
3-статья
3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын өндүрүштүк-чарбалык иши Массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын жашыруун булактардан финансылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат. (КР 2017-жылдын 30-майындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдар Массалык маалымат каражаттарынын ишине байланышкан мамилелер ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары тарабынан жөнгө салынат. II глава Массалык маалымат каражаттарынын ишин уюштуруу
5-статья
5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык. Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:
- он сегиз жашка жете элек же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын гражданы;
- сот тарабынан мыйзамга ылайык иштөөгө тыюу салынган юридикалык жактар.
Массалык маалымат каражаты ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген бир, же бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын юридикалык жактар жана граждандар менен бирге массалык маалымат каражаттарын түзүүсүнө жол берилбейт. (КР 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья
6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет. Массалык маалымат каражаттарын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн. (КР 2018-жылдын 22-майындагы N 53, 2023-жылдын 26-апрелиндеги N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья
7-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө арыз (КР 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-статья. Массалык маалымат каражатын чыгарууну токтото туруу жана токтотуу Уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо ушул мыйзамдын талаптары бузулган учурда соттун чечими боюнча массалык-маалымат каражатын чыгаруу токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн.
9-статья. Массалык маалымат каражаттарынын ишин токтото туруу жана токтотуу жөнүндө чечимге даттануунун тартиби Массалык маалымат каражаттарынын ишин токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим мыйзам тарабынан белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
10-статья. Даректеме маалыматтар Мезгилдүү басылмалардын ар бир чыгарылышында басылманын аталышы, уюштуруучусу, редактордун фамилиясы жана ысымы, атасынын аты, басылманын катар номери, чыккан күнү жана кол коюлган мезгили, мезгилдүүлүгү, индекси, нускасы, баасы, редакциянын, басманын жана басмакананын даректери жөнүндө бардык маалыматтар болууга тийиш. Массалык маалымат каражаттарынын башка түрлөрү үчүн ушул эле маалымат тиешелүү түрдө маалымдалат.
11-статья
11-статья. Контролдук жана милдеттүү нускалар Мезгилдүү басылмалардын акысыз контролдук нускалары ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине, уюштуруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, уюштуруучу жана редакция тарабынан бекитилүүчү (тиешелүүлүгүнө жараша) тизмеге ылайык мекемелерге жана уюмдарга жиберилет. Телерадио берүүлөрдүн материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер мамлекеттик архивине мамлекеттик сактоого берилет. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2023-жылдын 26-апрелиндеги N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья
12-статья. Теле жана радио берүүлөрдүн материалдарын сактоо (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13-статья. Массалык маалымат каражатты таратууга уруксат Массалык маалыматты таратууга жооптуу адам, массалык маалымат каражатынын органы уруксат бергенден кийин гана жол берилет. Массалык маалымат каражатынын продукциясын таратууну токтото турууга же токтотууга соттун гана чечими боюнча жол берилет.
14-статья. Официалдуу билдирүүлөр Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан уюштурулган массалык маалымат каражаттары ал органдардын официалдуу маалыматтарын кабарлоого милдеттүү. III глава Массалык маалымат каражатынын ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар менен мамилелери
15-статья
15-статья. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматтарды алуу укугу Массалык маалымат каражаттарынын органдары массалык маалыматтарды издөөгө, алууга, чыгарууга жана таратууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын карамагындагы маалыматтарды берүү тартиби маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат. (КР 2017-жылдын 30-майындагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Автордук, официалдуу материалдары жана каттарды пайдалануу Журналисттик, адабият, искусство жана илимий чыгармаларды массалык маалымат каражаты тарабынан пайдаланууга автордук укукту сактоо менен жол берилет. Массалык маалымат каражаттарын редакция же уюштуруучу тарабынан четке кагылган материалды жарыялоого милдеттендирүүгө эч ким укуксуз. Окурмандардын каттарын жарыялоо тексттерди маанисин бурмалабастан оңдоого жана тактоого, кыскартууга жана редакциялоого жол берилет.
17-статья. Чындыкка ылайык келбеген массалык маалыматты жокко чыгаруу укугу Граждан же уюм массалык маалымат каражаттарынын чындыкка ылайык келбеген же өз ар намысына, кадыр-баркына шек келтирүү менен жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу. Аларга карата мыйзамдуу укугун жана таламдарын кыскан маалыматтар массалык маалымат каражатында жарыяланган граждандар жана уюмдар өз жоопторун ошол эле массалык маалымат каражатына жарыялоо укугуна ээ. Жокко чыгаруу же жооп атайын рубрикада же болбосо жокко чыгарылып жаткан билдирүү жарыяланган тилкеде ошондой эле шрифт менен; газеталарда - талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, мезгилдүү башка басып чыгарууларда - кезектеги чыгарылышында жарыяланат. Жокко чыгарууну жарыялоодон баш тартылган учурда ишке тиешеси бар тарап сотко кайрылууга укуктуу. Массалык маалымат каражатынын органы чындыкка жатпаган жана өз кызматкерлеринин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтардын Мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөлүшүнө жетишүүгө укуктуу.
18-статья. Маалыматтар жарыяланбай турган учурлар Массалык маалымат каражатынын органы;
- сот талап кылгандан башка учурларда маалыматтарды өз атын атабоо шарты менен берген адамды атоого;
- алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча алгачкы текшерүүнүн, алдын-ала жана соттук тергөөнүн маалыматтарын жарыялоого;
- анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу болмоюнча жашы жетпеген укук бузуучуга тиешелүү ар кандай маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.
18-1-статья. Жарнаманы жайгаштыруу (таратуу) Жарнаманы массалык маалымат каражаттарында жайгаштыруу (таратуу) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2014-жылдын 17-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык) IV глава Журналисттин укуктары жана милдеттери
19-статья. Журналист Коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам ушул Мыйзамга ылайык журналист болуп эсептелет. Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу.
20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери Журналист:
- кабарларды чогултууга жана таркатууга;
- кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга;
- кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга;
- журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга;
- келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга;
- өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга;
- редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого;
- эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга;
- автордук сырды сактоого;
- журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу.
- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүнө канааттандырууга милдеттүү.
V глава Массалык маалымат каражаттары жагындагы эл аралык кызматташтык
21-статья. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар Мамлекеттер ортосундагы массалык маалымат каражаттары жагындагы эл аралык кызматташтык мамлекеттер аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишими тарабынан ушул Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка эрежелер белгиленсе, анда мамлекеттер аралык келишимдин эрежелери колдонулат. Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын органдары тиешелүү келишимдердин негизинде башка мамлекеттерде өздөрүнүн кабарчылар пункттарын ачуу укугуна ээ.
22-статья. Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын Кыргыз Республикасындагы кабарчылары Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өз кабарчыларын аккредитациялоо, кабарчылар пункттарын ачуу укугуна ээ. Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын органдары өздөрүнүн кесиптик ишин Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.
23-статья
23-статья. Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси Массалык маалымат каражаттарында:
а) мамлекеттик сырларды жана коммерциялык сырды ачууга;
б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;
в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;
г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;
д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;
е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;
ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;
з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;
и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;
к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.
л) балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.
(КР 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2017-жылдын 4-январындагы № 1, 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын закондору тарабынан каралган жоопкерчилик келип чыгат.
25-статья. Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн жоопкер адамдар Ушул Мыйзамдын нормаларын бузгандык үчүн массалык маалымат каражатынын өкүлү катары жетекчи адам жана маалымат материалын берген адам жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
26-статья. Чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды таркаткандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулуучу учурлар Массалык маалымат каражаттары чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды массалык маалымат каражаттарында таркаткандык үчүн төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартышпайт;
а) эгерде мындай маалыматтар официалдуу документтерде жана билдирүүлөрдө баяндалса:
б) эгерде алар маалымат агентстволорунан же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса;
в) эгерде алар эл алдынча чыгып сүйлөөлөрдү сөзмө-сөз кайталаса;
г) эгерде алар алдын-ала жазуусуз обого чыгуучу автордук сөздөрдө болсо.
27-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруу Адамдын, граждандын, ошондой эле уюмдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, чындыкка ылайык келбеген же аларга мүлктүк эмес башкача зыян келтирген маалыматтарды таркатуунун натыйжасында адамга-гражданинге же уюмга келтирилген моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын орду закондо каралган тартипте соттун чечими боюнча массалык маалымат каражаты тарабынан толтурулат. Моралдык (мүлктүк эмес) зыяндын ордун акчалай толтуруунун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 75 · байланышкандар: 52
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (3)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 13 февраля 2015 года № 4 О судебной практике по разрешению споров о защите чести, достоинства и деловой репутации (В…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 13.02.2015 · № 4Пункттар: п. 11, п. 12, п. 13, п. 14, п. 15
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 4 ноября 2004 года №11 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении морального вреда".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 04.11.2004 · № 11Пункттар: п. 5
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 9-р "жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Гульзар Абдыбековна…Сот практикасы · Решение · 24.06.2015 · № 09-р
Цитата келтиргендер (75)
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ №230 ("Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу…Распоряжение · 07.12.2022 · № 230
- Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 августа 1993 года № 374 "Правила печатания несекретных изданий"Правила · 16.08.1993 · № 374
- Положение «Об участии и аккредитации средств массовой информации при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» (утверждено постановлением Центральной…Положение · 28.07.2015 · № 84
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 14-декабрындагы № 543-б "2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий…Распоряжение · 14.12.2016 · № 543-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобо (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Положение · 28.07.2015 · № 85
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 9-р "жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин жана Гульзар Абдыбековна…Решение · 24.06.2015 · № 09-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө…Постановление · 21.07.2011 · № 42
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 5 декабря 2007 года № 385 "Об утверждении Правил проведения в городе Бишкек собраний, митингов, шествий, демонстраций, манифестаций…Постановление · 05.12.2007 · № 385
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-мартындагы N 139-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 28.03.2023 · № 139-р
- КОМПЛЕКСНЫЙ ПЛАН мероприятий по выполнению основных направлений Национальной программы "Аялзат" на 1997-2000 годы (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской Республики от…План · 14.04.1997 · № 209
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 13 февраля 2015 года № 4 О судебной практике по разрешению споров о защите чести, достоинства и деловой репутации (В…Постановление Пленума Верховного суда · 13.02.2015 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т (Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында Универсалдуу мезгилдүү сереп…Распоряжение · 31.01.2025 · № 50-р
- Указ Президента КР от 29 октября 1993 года УП №302 "Об отмене отдельных положений Правил печатания несекретных изданий, утвержденных постановлением Правительства Кыргызской…Указ · 29.10.1993 · № 302
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 19 июня 1997 года З № 753-1 "О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"Постановление · 19.06.1997 · № 753-1
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 9-апрели № 2972-VII "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл…Постановление · 09.04.2025 · № 2972-VII
75 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (10)
- Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөЗакон · 06.08.2025 · № 188
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.02.2013 · № 29
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.05.2018 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Постановление Верховного Совета РК от 2 июля 1992 года N 939-XII "О введении в действие Закона Республики Кыргызстан "О средствах массовой информации"Постановление · 02.07.1992 · № 939-XII · Күчүн жоготкон
10 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (52)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-май- ындагы N 209 токтомуна)Концепция · 03.05.2019 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1301-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 22.06.2023 · № 1301-VII
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 161 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештеринин…Положение · 20.10.2016 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1221-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 07.06.2023 · № 1221-VII
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт…Постановление · 14.06.2017 · № 153
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 212
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо жана жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга…Положение · 28.07.2015 · № 82
- Положение об информировании избирателей и иных участников избирательного процесса о ходе подготовки и проведения выборов Президента Кыргызской Республики утвержденное…Положение · 14.06.2017
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №115 "2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 14.08.2019 · № 115
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт…Постановление · 14.06.2017 · № 154
- Положение о Рабочей группе по контролю за соблюдением правил ведения предвыборной агитации при проведении выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 28.07.2015 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери…Положение · 28.07.2015 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 160 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 20.10.2016 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 162 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 20.10.2016 · № 162
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 36 "2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн…Постановление · 05.04.2019 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 563 ""Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 25.10.2016 · № 563
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.02.2023 · № 22
52 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.