3-берене
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 5-бөлүгү «жеке жактардын» деген сөздөрдөн мурда «ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
«9. Төмөнкүлөрдүн жарнагына жол берилбейт: эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун; адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго; порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.».
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205291/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>