38-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу же андан чыгуу) жөнүндө сунуштар
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар ушул Мыйзамдын 39-беренесин эске алуу менен тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорду камтыган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар алар жактырылгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку Кеңешке киргизилет.
3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) максатка ылайыктуулугунун негиздемеси;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) үчүн зарыл болгон тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) менен байланыштуу өзгөртүүнүн, толуктоонун, колдонулушун токтото туруунун, күчүн жоготту деп таануунун же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун зарылдыгына юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастаган документтер;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар аларды тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.
5. Жогорку Кеңеш, Жогорку соттун атынан сот бийлигинин органдары жана Конституциялык сот төмөнкүлөрдү сунуштоосу мүмкүн:
1) Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени кароону;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени Министрлер Кабинети тарабынан кароону.
6. Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуш-пикирлери менен макул болгон учурда, тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органына тапшырат же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.
(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн2015-жылдын 16-апрелиндеги № 215 "2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.04.2015 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 217 "1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.04.2015 · № 217
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 16.04.2015 · № 216
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-январындагы № 2 "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда…Постановление · 06.01.2016 · № 2
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 6-январындагы № 3 "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Реснубликасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда…Постановление · 06.01.2016 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 495 "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 29.08.2014 · № 495 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-38" title="38-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>