Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 мая 2015 года № 297 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-15.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-августу № 495 "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:
1. "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу
1-берене. Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколу денонсациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Меморандум жана Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан денонсациялангандыгы жөнүндө Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2015 · № 297 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2015 · № 297 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон