39-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечим
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде - тиешелүү ченемдик укуктук актыны тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде чыгаруу аркылуу, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата;
2) Жогорку Кеңеш тарабынан - Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан кол коюуга жаткан тиешелүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата.
(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…андан чыгуу) жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) алынып салынды: Өкмөт кошулду: тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан кошулду: алардын компетенциясынын чегинде - тиешелүү ченемдик укуктук алынып салынды: актыларды кошулду: актыны тиешелүүлүгүнө жараша Президент же алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кошулду: алардын компетенциясынын чегинде чыгаруу алынып салынды: жолу менен, кошулду: аркылуу, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын … билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата.
кошулду: (КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 548 "2021-жылдын 4-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан…Постановление · 07.10.2022 · № 548
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 510 "1993-жылдын 19-майында Вашингтон шаарында кол коюлган Көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга карата Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.07.2015 · № 510
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 463 "2007-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү…Постановление · 08.07.2015 · № 463
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 510 токтомуПостановление · 20.07.2015 · № 510
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>