Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-апрели № 216 "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу
1-берене. 1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу денонсациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган Макулдашуунун денонсациялангандыгы тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө эл аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 5114-V "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 20.05.2015 · № 5114-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 5113-V "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 20.05.2015 · № 5113-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 5112-V "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын…Постановление · 20.05.2015 · № 5112-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды (жумуштарды, кызмат…Закон · 21.05.2015 · № 113
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон