16-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2025 года № 153
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар жактырылгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку Кеңешке киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштарды тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) эл аралык келишимдин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнүн) көчүрмөсү;
2) эл аралык келишимге кошулуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси, андан ары ишке ашыруунун механизми;
3) кошулуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлору;
4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
5) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайыктуулугуна корутундусу;
6) каржы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимге кошулуунун мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө корутундусу;
7) эл аралык келишимге кошулууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастоочу документтер;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.
5. Жогорку Кеңеш жана сот бийлигинин органдары Жогорку соттун атынан төмөнкүлөрдү сунуштай алат:
1) Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө маселени кароону;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө маселени кароону.
6. Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуш-пикирлери менен макул болгон учурда, тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетинин Төрагасына алардын компетенциясынын чегинде киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимге кошулуусу жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органына тапшырат, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча алардын компетенциясынын чегинде сунушту иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №27-т (2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык…Распоряжение · 25.01.2023 · № 27-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 354-т (Азия-Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө…Распоряжение · 20.06.2023 · № 354-р
- Постановление Правительства КР от 10 декабря 1999 года № 678 "Об утверждении Соглашения между государствами-участниками Содружества Независимых Государств о сотрудничестве и…Постановление · 10.12.1999 · № 678
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 363-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу корутунду,Азия уюмун уюштуруу боюнча кызматташууну (AFoCO)"Распоряжение · 29.06.2022 · № 363-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 592 "Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган "Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды…Постановление · 09.10.2014 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрели № 222 "Жүктөрдү эл аралык темир жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу…Постановление · 03.04.2026 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майы № 359 «Кыргыз Республикасынын дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, жабдуулардын буюмдарына жана дөңгөлөк…Постановление · 21.05.2026 · № 359
Берене шилтеме берет
- 11-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>