Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 25-январы № 27-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1156-т тескемесинин редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында:
1. 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы аталган Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу борбордук орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1156-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы N 27-т тескемеси менен жактырылган
2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенция (мындан ары - Конвенция) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Конвенциянын максаты балдарга алименттерди өндүрүп алуунун натыйжалуу эл аралык тартибин жана үй-бүлөнү багуунун башка түрлөрүн камсыз кылуу болуп саналат, атап айтканда төмөнкүлөр аркылуу:
- Келишим түзүүчү мамлекеттердин органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн универсалдуу системасын түзүү;
- алименттер жөнүндө чечимдерге карата берилүүчү арыздардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- алименттерди төлөө жөнүндө чечимдерди таанууну жана аткарылышын камсыз кылуу;
- алименттер жөнүндө чечимдердин кечиктирилгис эрксиз аткарылышы үчүн натыйжалуу чараларды аныктоо.
Конвенция "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин колдонулушуна туура келет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык Конвенция кошулуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет. Конвенцияга кошулуу кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.