15-берене. Ратификациялык грамоталарды алмашуу, ошондой эле ратификациялык грамоталарды сактоого берүү
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 2-глава
Эгерде бул Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кийинки мыйзамынын тиешелүү ченеминин негизинде ратификациялык грамоталарды алмашуу, ошондой эле ратификациялык грамоталарды сактоого депозитарийге (депозитарийлерге) берүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын тапшырмасы боюнча - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлү тарабынан жүргүзүлөт. Ратификациялык грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>