Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, жабдуулардын буюмдарына жана дөңгөлөк транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же пайдаланылышы мүмкүн болгон бөлүктөрүнө глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулуусу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-майы № 359
Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөр үчүн глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн глобалдык техникалык эрежелерди колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 1998-жылдын 25-июнунда Женевада кабыл алынган Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөр үчүн глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122