8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 140
1. Ош шаарынын аймагында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге кошумча төмөнкүлөр кирет:
1) Ош шаарына жүктөлгөн республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин эске алуу менен, Ош шаарын стратегиялык пландаштыруу жана комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, шаардын экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) шаардын аймагында шаар куруу маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;
3) саламаттыкты сактоонун, мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү, дене тарбия жана спорт, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
4) Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салт санааларын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
5) ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;
6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана ирээттүүлүктү сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
7) социалдык-маданий, турак жай, турмуш-тиричиликтик, соода-сатыктык жана башка муниципалдык объектилерди куруу;
8) жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу;
9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди жана алар боюнча жеңилдиктерди белгилөө;
10) шаардан тышкаркы транспорттордун Ош шаарына кирүүсүн уюштуруу жана жеңил такси, жүк ташуучу жана атайын транспорт автомобилдеринин ишин жөнгө салуу.
2. Ош шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана башка маселелерди чечет.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…маанидеги маселелер 1. Ош шаарынын аймагында "Жергиликтүү кошулду: мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кошулду: органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү … органдардын компетенциясына кирбеген жана башка маселелерди чечет. кошулду: (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 24 "Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби…Постановление · 24.12.2021 · № 24
- Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-июлундагы № 90 "Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2017 · № 90
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 97 "Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабындагы номери жок даректеги жер тилкесине «Газпром балдарга»…Постановление · 26.12.2017 · № 97
- Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 99 "Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2017 · № 99
- Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 79 "Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү № 157 дарегиндеги Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы 400 ч.м. жер тилкеге…Постановление · 23.05.2017 · № 79
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 45 "Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2016 · № 45
- Ош шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 129 «Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнү ндө» токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 129
- Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы № 180 "Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө" токтомуПостановление · 14.05.2019 · № 180
- "Ак-Ниет конушу" муниципалдык программасы (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 188 токтому менен бекитилди)Программа · 27.12.2023 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика…Постановление · 04.05.2021 · № 189
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 756 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.10.2015 · № 756 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205093/st-8" title="8-берене - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>