Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ) 2019-жылдын 14-майы № 180 Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө
Ош шаарынын тургуну Ж.Турсункулованын 2019-жылдын 24-апрелиндеги “Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн № 80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы № 28 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шааркуруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багытын мыйзам талаптарын сактоо менен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн өзгөртүү сунушталсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги шаар куруу түйүнүнүн эскизин эске алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-майындагы № 28 "Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарына байланыш түйүнүн куруу үчүн 10м2 жер аянттарын ажыратуу жана аукцион аркылуу ижарага…Постановление · 08.05.2019 · № 28