Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2016- жылдын 31-октябры № 45 Ош шаарынын Жеңиш паркына С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 12-октябрындагы №417/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-октябрындагы №39-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан Жеңиш паркына СССР Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, белгилүү киноактңр С.Чокморовдун скульптуралык айкелин орнотууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219