«Ак-Ниет конушу» муниципалдык программасы (Ош шаардык кеңешинин токтому менен бекитилди)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XXIII сессиясынын №188 токтомуна тиркеме
“Ак-Ниет конушу” муниципалдык программасы
1. Баяндоочу бөлүгү
Ош шаарынын алгачкы башкы планы 1970-1980-жылдары иштелип чыгып, болжол менен 150-200 миң калкка ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө, статистика органдарынын маалыматы боюнча Ош шаарында 312 530 жаран каттоодо турса, ички жана тышкы миграциянын эсебинен Ош шаарында 700-900 миңге жакын жаран жашап, ишкердик жана чарбалык ишмердүүлүк менен алектенет. Ош шаарында социалдык объектилердин (бала бакча, оорукана ж.б.) жетишсиздиги жана мындай объектилерди курууга ылайыктуу жер тилкелеринин жоктугу жылдан жылга олуттуу социалдык көйгөйгө айланып баратат. Акыркы жылдары Ош шаарына социалдык объектилерди куруу боюнча чет элдик жана ички инвесторлор тарабынан көптөгөн сунуштар түшүүдө, бирок ылайыктуу жер тилкелеринин жоктугу каражат тартууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мындай шарттарда Ош шаарында орун алган социалдык, экономикалык, коммуналдык (архитектуралык-инженердик-техникалык) жана күнүмдүк көйгөйлөрдүн масштабына байланыштуу мындай маселелерди шаар куруу процессин пландаштыруу, жаңы социалдык, коммуналдык жана турмуш-тиричилик объектилерин куруу жана иштеп жаткан объекттерди жакшыртуу, анын ичинде экономикалык (коммерциялык) динамикасын эске алуу менен комплекстүү мамиленин негизинде чечүү зарылчылыгы келип чыкты. Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү максатында социалдык, коммуналдык, соода жана турмуш-тиричилик объектилерин куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаарынын Т.Атабаев көчөсүндө жайгашкан аянты 3,50 гектар жер тилкесин өздөштүрүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаарынын аймагында социалдык-маданий, турак-жай, тиричилик, соода жана башка муниципалдык объектилерди куруу маселелери жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кирет. Жогоруда аталган жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын токтому менен Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алынган. Шаардын архитектурасынын тез өзгөрүп жаткан шарттарында, курулуш үчүн жер тилкелеринин жетишсиздигинен жана шаардын калкынын санынын көбөйүшүнөн улам, шаардын аткаруу органынын ишинин негизги багыттарынын бири болуп шаардын архитектурасын вертикалдуу өнүктүрүү болууга тийиш. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле турак-жай маселесин чечүү үчүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан аталган жер тилкеге социалдык-коммуналдык жана тиричилик көп батирлүү турак жай комплексин куруунун техникалык шарттарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
2. Программанын техникалык-экономикалык негиздемеси
Техникалык-экономикалык негиздемени жана алдын ала долбоорду иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөр сунуш кылынды:
- Бир комплексте (кварталда) социалдык-маданий, турак-жай, турмуш-тиричилик, соода жана башка муниципалдык объектилерди куруу;
- 12 блоктон турган 9 кабаттуу имараттарды куруу;
- комплекстин жалпы аянты 91 886,40 чарчы метрди түзөт;
- анын ичинен аянты 8016,0 чарчы метр болгон 218 жер төлөсүндөгү унаа токтотуучу жайлар;
- аянты 8577,40 чарчы метр болгон 163 жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар;
- административдик, медициналык жана башка социалдык объектилерди андан ары жайгаштыруу үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлүп бериле турган 8570,0 чарчы метр социалдык-техникалык жайлар;
- 64 598,40 чарчы метр турак жай же 909 турак жай;
- дене тарбия, балдар аянтчасы, чоң кишилердин эс алуусу үчүн 5124,40 чарчы метр аянт;
- 50–200 орундуу бала бакчанын курулушу;
- медициналык мекеменин курулушу;
- инженердик тармактар (жаратылыш газы, ичүүчү суу, электр энергиясы) шаардын борбордук тармагына кошулат;
- автономдуу жылытуу (буу) казандарын куруу (жылытуу системасын жаратылыш газ тармагына кошуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен)
Жогорудагы 8570,0 чарчы метр социалдык-техникалык жайларды муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин административдик кеңселерин, медициналык жана башка коомдук уюмдарды жайгаштыруу үчүн гана социалдык багытта пайдалануу пландаштырылууда. Бул Программанын алкагында автономдуу социалдык компоненттери жана инженердик тармактары бар объектилерди (конуштарды) куруу практикасын киргизүү көздөлүп жатат. Иштеп чыгуучулар толугу менен автономдуу инженердик тармактары бар шаарда бүтүндөй кварталды, чакан микрорайонду инженердик тармактарына келечектеги техникалык жүктөрдү, бала бакчалар жана мектептер, медициналык мекемелер жана керектөө уюмдары (мисалы: дүкөндөр жана коомдук тамактануу жайлары) сыяктуу социалдык объектилердин жүктөрүн, ошондой эле келечектеги демографиялык динамиканы эсепке алуу менен турак-жай фондун алдын ала пландаштыруу менен куруунун технологиясын практикага киргизүүнү пландаштырууда.
3. Программаны ресурстук колдоо
2024-2026-жылдары Программаны каржылоонун жалпы көлөмү 6,2 миллиард сомдон ашык акча каражатты түзөт, анын ичинде:
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын эсебинен;
- ички инвестициялар аркылуу.
Ошондо: 2024-жылга Программаны ишке ашырууга болжол менен 620,0 миллион сом жумшалат; 2025-жылга болжол менен 3,1 миллиард сом; 2026-жылга болжол менен 2,48 миллиард сом.
Бул багытта бюджеттен тышкаркы булактарды жана жеке инвесторлордун каражаттарын тартуу механизмдери зарылчылыкка жараша иштелип чыгат.
4. Программаны ишке ашыруу үчүн Жол картасы
Программаны ишке ашыруу үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- программаны ишке ашыруу боюнча жумушчу топту түзүү;
- ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу, жол картасын бекитүү;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Ош шаардык Кеңешине бекитүү үчүн киргизүү;
- объекттин жумушчу жана техникалык документтерин алдын ала даярдоо, жер тилкенин документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- курулуш документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ош шаарынын мэриясы тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
- уруксат иш кагаздарын алуу;
- объекттерди куруу;
- курулуштун жүрүшүнө, көрсөткүчтөрдүн динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- объектерди пайдаланууга берүү.
5. Программаны ишке ашыруу механизми
Программанын негизги аткаруучусу жана башкы буйрутмачысы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы эсептелет. Негизги жумуш жана каржылоо ушул уюмдун өндүрүштүк потенциалынын негизинде ишке ашырылат. Курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлө. Курулуш иштеринин жүрүшүн жана акча каражатынын чыгымдалышын ыкчам көзөмөлдөө, ошондой эле динамикага мониторинг жүргүзүү Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобуна жүктөлөт. Жумушчу топтун курамына Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери кирет. Программанын иш-чараларын координациялоо Ош шаарынын мэриясында калат. Тиешелүү курулуш жана башка документацияларды иштеп чыгуу, техникалык нормаларды макулдашуу тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдарга жүктөлөт. Социалдык объектилерди кабыл алуу, эсепке алуу жана максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына, курамына социалдык кызматкерлерден турган эксперттик топ түзүү аркылуу жүктөлөт.
6. Программаны ишке ашыруунун күтүлгөн
акыркы натыйжалары
Программаны ишке ашыруу 2026-жылы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылууга тийиш:
- 91886,40 чарчы метр объекттерди пайдаланууга берүү;
- 8570,0 чарчы метр социалдык-техникалык жайларды муниципалдык менчикке берүү;
- 909 үй-бүлөнүн же 2700гө жакын адамдын турак-жай шарттарын жакшыртуу;
- 150-200 орундуу бала бакча жана медициналык мекеменин имаратын пайдаланууга берүү.
Программаны ишке ашыруу:
- жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын турак-жай фондун өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- калктын мамлекетке болгон ишениминин деңгээлин жогорулатат;
- шаардагы жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу боюнча муниципалитеттин милдеттерин аткарат;
-биринчи кезектеги социалдык маселелерди чечүүнүн айланасында коомдогу чыңалууну азайтат;
- шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртат;
- шаарда автономдуу кварталды пайдаланууга берет;
-жарандарды социалдык объектилер жана турак-жай менен камсыз кылат.
7. Муниципалдык менчикке өтө турган 8570,0 чарчы метр
социалдык-техникалык жайларды пайдалануу
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча муниципалдык менчикке өтө турган социалдык-техникалык жайларды пайдалануунун тартиби жана максаттары Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актыларда чагылдырылат жана Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталат.
8. Программанын натыйжалуулугун баалоо
Программанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан коюлган милдеттер жана турак-жай тармагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Программанын социалдык-экономикалык натыйжалуулугу иштелип жаткан максаттуу индикаторлор системасынын негизинде бааланат. Баалоо Программаны ишке ашыруу мезгилинде социалдык жана турак жай чөйрөлөрүндөгү өзгөрүүлөрдүн динамикасына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219