8-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 140
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелерге Бишкек шаарынын аймагында кошумча төмөнкүлөр таандык болот:
1) Бишкек шаарына жүктөлгөн борбордун иш-милдеттерин эске алуу менен анын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүшүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) шаардын аймагында шаар курулуш маселелерин, ошондой эле архитектура, курулуш, реконструкция, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;
3) саламаттык сактоонун, мектептик мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбиянын жана спорттун, социалдык коргоонун муниципалдык тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу;
4) Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муницииалдык мекемелерин өнүктүрүү;
5) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
6) шаардын аймагында санитардык тазалоону, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
7) социалдык-маданий, турак жана турмуш-тиричилик муниципалдык объекттерин куруу;
8) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
9) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана алар боюнча жеңилдиктерге тарифтерди белгилөө;
10) шаардан тышкаркы транспорттордун Бишкек шаарына киришин уюштуруу жана жеңил автомобиль таксилердин, жүк ташуучулардын жана атайын транспорттун ишин жөнгө салуу.
2. Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү маанидеги маселелер катары каралбаган жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген башка маселелерди чечет.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жергиликтүү маанидеги маселелер 1. "Жергиликтүү кошулду: мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кошулду: органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жергиликтүү … органдардын компетенциясына кирбеген башка маселелерди чечет. кошулду: (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 112 "Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.12.2023 · № 112
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 "Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана…Постановление · 14.05.2024 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге…Постановление · 29.01.2025 · № 45
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 "Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү…Постановление · 25.01.2023 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205092/st-8" title="8-берене - Борбордун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>