Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабры № 112 Нан жана нан азыктары менен камсыздоо жөнүндө
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу муниципалдык социалдык мекемелерди, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарды нан жана нан азыктары менен камсыздоо максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине жана «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-жана 3-пункттарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу социалдык мекемелер, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн нан жана нан азыктарын өндүрүүчү болуп аныкталсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27