Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 2 сентября 2024 года № 535 "О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики "О реализации пилотного проекта по передаче полномочий в сфере архитектурно-градостроительной деятельности на территории города Бишкек" от 25 января 2023 года № 40"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-02.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы № 535 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 25-январы № 40 Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын борборунда шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын 3 жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзүү жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар берилет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси "Бишкекбашкыархитектура" мекемеси деп кайра аталсын.
4. Пилоттук долбоорду жүргүзүү убагында "Бишкекбашкыархитектура" мекемеси белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктары, кызматкерлеринин штаты жана материалдык-техникалык базасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп берилсин.
5. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;
- "Бишкекбашкыархитектура" мекемесин өзүнүн карамагына кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Бишкекбашкыархитектура" мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, ал ийгиликтүү ишке ашырылган учурда борбордун аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте белгиленген тартипте эки жумалык мөөнөттө "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин мүлкүн Бишкек шаарынын мэриясына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 8 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 "Бишкек шаарынын…Постановление · 02.09.2024 · № 535