20-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциялары
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 140
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Бишкек шаарынын мэриясынын компетенцияларына кошумча төмөнкү маселелер кирет:
1) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо;
2) муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштердин реестрин иштеп чыгуу;
3) көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин аны жүзөгө ашыруу;
5) саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, архитектуранын жана шаар куруунун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык башка чөйрөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактык бөлүмчөлөрүнүн ишин жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
6) (КР 2019-жылдын 18-майындагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелеринин сакталышына контролду жүзөгө ашыруу;
8) шаар куруу, экологияны коргоо, шаар жолдорун, турак жай-коммуналдык чарба, объекттерин күтүү жана өнүктүрүү, шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, керектөө калдыктарын башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,
9) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен турак жай жана социалдык-маданий курулуш үчүн программаларды иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү;
10) шаардын аймагында жана шаарга чектеш зонада колдонулуучу мамлекеттик, архитектуралык, шаар куруу жана курулуш саясатын иштеп чыгууга катышуу;
11) калдыктарды таштоо жаатындагы укук бузуулар үчүн, жалпы пайдалануудагы жерлерди, соода жүргүзүү жерлерин көрктөндүрүү, санитардык күтүү эрежелерин бузгандык үчүн, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жеңилдетилген типтеги объекттерди өз бет алдынча куруу жана орнотуу үчүн укук бузууларды кароо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды (комиссияларды) түзүү;
12) шаарды өнүктүрүүнүн жана куруунун мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген башкы планын ишке ашыруу боюнча субъекттердин ишин координациялоо;
13) капиталдык объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга берүүнүн мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашыруу, объекттерди пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын ишине катышуу;
14) Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу менен шаардын экологиялык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;
15) жылуулук-, энергия-, суу-, газ менен жабдуу, канализация жана суу агызып чыгаруу, жол иши, шаардык транспорттун жана байланыштын бардык түрлөрү, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, ошондой эле турак жай фондун инженердик камсыз кылуу, пайдаланууга берүү жана оңдоо жаатындагы иштерди координациялоо;
16) муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объекттерден, өз алдынча курулган же колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу;
17) Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча объекттерди, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди пайдалангандыгы үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
19) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссияларды уюштуруу жана түзүү;
20) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик жактар менен мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;
21) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;
22) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциялары
"Жергиликтүү кошулду: мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кошулду: органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Бишкек шаарынын … типтеги объекттерди өз бет алдынча куруу жана орнотуу үчүн алынып салынды: администрациялык укук бузууларды кароо жана алынып салынды: администрациялык жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды … ашыруу;
19) укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык алынып салынды: кеңешмелерди кошулду: комиссияларды уюштуруу жана түзүү;
20) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз … № 95, 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2024-жылдын 29-июлундагы № алынып салынды: 152 кошулду: 152, 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 "Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2025 · № 79
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 "Атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктардын Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө…Постановление · 05.12.2023 · № 643
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июлундагы № 104 "Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2024 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү…Постановление · 13.06.2024 · № 306
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге…Постановление · 29.01.2025 · № 45
- Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 8 "Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2021 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 3-июнундагы № 299 ("Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым…Распоряжение · 03.06.2024 · № 299
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 40 "Бишкек шаарынын аймагында архитектура-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү…Постановление · 25.01.2023 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 615 "Бишкек шаарынын чектериндеги суулардын жана каналдардын участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2023 · № 615 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.05.2019 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205092/st-20" title="20-берене - Борбордун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>