Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын мэриясынын «Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2024-жылдын 4-июлу № 104 Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө Жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштешин камсыздоо, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташуу, жүргүнчүлөр транспорту чөйрөсүндөгү муниципалдык ишканалардын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы төмөнкүдөй бекитилсин:
- чакан жана өзгөчө чакан класстагы экспресстик муниципалдык автобустарда - 50 (элүү) сом;
- экспресстик муниципалдык автобустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 40 (кырк) сом, накталай формада төлөөдө - 50 (элүү) сом;
- № 153 экспресстик муниципалдык каттамда (12-кичи району - "Манас" аэропорту) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 122 (бир жүз жыйырма эки) сом, накталай формада төлөөдө - 140 (бир жүз кырк) сом.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти белгиленген тартипте:
- экспресстик каттамдарды ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- транспорт чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр
А.Дж.Джунушалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2012 · № 312
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги N 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен…Постановление · 27.12.2023 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон