Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын чектериндеги суулардын жана каналдардын участокторун өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 февраля 2025 года № 79 "О вопросах использования земельных участков водного фонда в границах города Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 21-ноябры № 615
Бишкек шаарынын чектериндеги суулардын жана каналдардын участокторун өткөрүп берүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан суулардын жана каналдардын сууну коргоо зоналарынын санитардык абалын жакшыртуу жана абаттоо максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-статьясына, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөрдүн участоктору жана суу коргоо зоналары абаттоо жана күтүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берилсин:
- Ала-Арча суусунун - Семетей көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;
- Аламүдүн суусунун - Жогорку Көк-Жар көчөсүнөн айланма жолго чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын балансынан Бишкек шаарынын мэриясынын балансына төмөнкүлөрдүн участоктору жана суу коргоо зоналары абаттоо жана күтүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүп берилсин:
- Чыгыш Чоң Чүй каналынын - Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Түштүк Чоң Чүй каналынын - 7-апрель көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Чоң Чүй каналынын - Курманжан Датка көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Кичи Чүй каналынын - Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн суу объекттеринин участокторун белгиленген тартипте 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн суу объекттеринин участокторун убактылуу пайдалануу укугун каттоодон өткөрүү;
- ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн суу объекттеринин участокторун абаттоо, күтүү жана андан ары тейлөө;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 "Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2025 · № 79
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон