Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу болсо;
2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;
4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнбөшү.
2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу берүү укугуна ээ.
3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.
4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
5. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия жана (же) уруксат алуучуга кабарлоого милдеттүү.
(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
28.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 алынып салынды: Мыйзамдарынын кошулду: Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби…Положение · 20.04.2021 · № 157
- “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын…Инструкция · 17.11.2021 · № 35-1/3482
- "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому…Положение · 02.09.2014 · № 520
- Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык) убактылуу…Временное положение · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер…Положение · 06.02.2023 · № 51 · Күчүн жоготкон
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>