Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Күрөө жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 18-июлу № 89 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 12-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттарында "адистешкен финансы-кредиттик мекемелер" жана "атайын кредиттик мекемелер" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктунда "финансы-кредиттик уюмдары" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Турак жай-сактык кредиттик компаниялары
1. Турак жай-сактык кредиттик компания банктык эмес финансы-кредиттик уюм болуп саналат, анын иши аманатчылардын акчалай каражаттарын турак жай-сактык салымдарына топтоого жана анын аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.
2. Турак жай-сактык кредиттик компания акционердик коом формасында түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусун алат.
3. Турак жай-сактык кредиттик компания ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алууга тийиш.
4. Турак жай-сактык кредиттик компания төмөнкүдөй банктык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жана мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта ишке ашырууга укуктуу:
1) турак жай сатык салымын, тактап айтканда контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысы (салуучусу) тарабынан турак жай-сактык кредиттик компаниянын контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысынын турак жай шарттарын жакшыртууга, ошондой эле жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга багытталган эсепке салынган улуттук валютадагы акчалай каражаттарынын суммасын кабыл алуу;
2) турак жай шарттарын жакшыртууга, жеке курулушка, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттерди берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка операциялар жана бүтүмдөр.
5. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт, анын курамына турак жай-сактык кредиттик компания акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери жок болгон жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келген уставдык капитал гана кирет. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, накталай эмес формада, акционерлердин (уюмдаштыруучулардын) акчалай каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
6. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
3) 46-статьянын 1-пунктунда "атайын кредиттик мекемелер" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 48-статьянын 1-пунктунда "ссуда-аманат турак жай-курулуш кассаларында" деген сөздөр "турак жай-сактык кредиттик компанияларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-2-пункт менен толукталсын:
"26-2) турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши;".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3026-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 3026-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 3101-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2019 · № 3101-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3035-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2019 · № 3035-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-февралындагы № 2928-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 27.02.2019 · № 2928-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3041-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 08.05.2019 · № 3041-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 3103-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 12.06.2019 · № 3103-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы № 3103-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү…Постановление · 12.06.2019 · № 3103-VI
- Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" Турак Жай Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген)Программа · 13.07.2021 · № 75 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49