9-берене. Мамлекеттик материалдык резервди түзүүдө жана башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Күчүндө · 26.05.2014 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органды жана мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын аныктайт;
2) мамлекеттик материалдык резервди түзөт;
3) мамлекеттик материалдык резерв тутумунун түзүмүн жана бул тутумду башкаруу тартибин аныктайт;
4) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасын жана топтоо ченемин бекитет;
5) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) материалдык техникалык баалуулуктар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды белгилейт;
7) ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин бекитет;
8) мамлекеттик материалдык резервдин тутумуна кирген уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жана чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу үчүн аларга мүлктү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат;
9) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кошумча салуу жөнүндө чечим кабыл алат;
10) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо үчүн арналган объекттерди жайгаштыруу жана куруу боюнча чечимдерди кабыл алат;
11) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин бекитет;
12) мамлекеттик материалдык резервди сактоону жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттердин чыгымдарынын ордун толтуруунун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир тийгизүү үчүн чыгарылуучу мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары үчүн чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин аныктайт.
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 214-т (Кыргыз Республикасынын калкына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 02.05.2023 · № 214-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 123-б (Аштык буудайды жаңылоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.03.2015 · № 123-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.03.2020 · № 110-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы № 525-т (Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө жана…Распоряжение · 03.10.2022 · № 525-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 461-б (Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу тууралу) буйругуРаспоряжение · 16.09.2015 · № 461-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 120-б (Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун мурда брондон чыгарылган дандан жана кумшекер түрүндө…Распоряжение · 08.04.2020 · № 120-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы 160-б (Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.05.2020 · № 160-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 180-б (Нарын жана Ысык-Көл облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү…Распоряжение · 20.05.2020 · № 180-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 8-т (Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби жонундо) тескемесиРаспоряжение · 14.01.2022 · № 8-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-февралындагы, № 66-т (2023-жылдын 13-январында аномалдуу сууктан жабыр тарткан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу…Распоряжение · 21.02.2023 · № 66-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 571-б (Жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.11.2015 · № 571-р
- КР Өкмѳтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 520-б (Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 02.12.2016 · № 520-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 418-б (Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.11.2018 · № 418-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы №109-б "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз…Распоряжение · 27.03.2020 · № 109-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 707-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам бөлүп берүү тууралуу)…Распоряжение · 30.12.2022 · № 707-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 489-т (Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу сактоочу ишканаларында сакталып турган…Распоряжение · 29.06.2026 · № 489-т
- 2014-жылдын 7-октябрындагы № 439-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июнундагы № 236-6 буйругуна өзгөртүүлөр жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 07.10.2014 · № 439-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204001/st-9" title="9-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>