Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругу
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ РАСПОРЯЖЕНИЕ 2020-жылдын 28-марты № 110-б Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан иштетилген биринчи сорттогу 5000 (беш миң) тонна өлчөмүндөгү унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган гуманитардык жардамды райондук борборлорго жана облустук маанидеги шаарларга чейин жеткирүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн 3-тиркемеге ылайык маалыматтардын (разнарядканын) негизинде камсыздашсын.
5. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө оор турмуштук кырдаалда болгон, калктуу конуш (жаңы конуш) статусу жок турак жай массивдеринде жашаган жарандардын категориясын эске алсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
1-тиркеме
Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочу ишканалары тарабынан биринчи сорттогу унду БЕРҮҮ
1. "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары:
- Ош облусу;
- Баткен облусу;
- Ош шаары;
- Жалал-Абад облусу (Ноокен, Сузак райондору).
2. "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары:
- Жалал-Абад облусу.
3. "Дан" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кара-Балта шаары:
- Талас облусу;
- Жалал-Абад облусу (Токтогул району);
- Чүй облусу (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору);
- Бишкек шаары.
4. "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары:
Чүй облусу (Аламүдүн, Ысык-Ата райондору).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түндүк аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Чүй облусу (Чүй, Кемин райондору);
- Ысык-Көл облусу.
6. "Алтын Дан" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Нарын облусу.
2-тиркеме Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын алдында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет, экинчи орун басары болуп жарандык коомчулуктун өкүлү саналат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөт башчылары, аймактык коомдук кеңештер жана муниципалдык аймактык башкармалыктар (шаарларда);
- жергиликтүү кеңештердин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчы.
2. Комиссия гуманитардык жардамды жакырчылык деңгээлин, жөлөкпул алуучулардын санын, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле ушул аймакта жашаган гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандарды эске алуу менен айыл өкмөттөр жана шаарлар боюнча бөлүштүрөт.
3. Комиссия гуманитардык жардамды өз убагында жана даректүү бөлүштүрүү (берүү) үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Гуманитардык жардам, гуманитардык жардам алуу ведомостун (мындан ары - Ведомость) милдеттүү түрдө тариздөө менен тиркемеге ылайык форма боюнча бөлүштүрүлөт.
5. Ведомосттогу графалар гуманитардык жардам алуучунун сөздөрүнө ылайык төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- аты-жөнү, иш жүзүндө жашаган дареги (кыскартылбастан толук жазылат);
- эскертүүдө төмөнкү маалыматтар белгиленет:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу болуп эсептелеби; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам болуп саналабы; гуманитардык жардам алуучунун социалдык паспорту барбы; турмуштук оор кырдаалда турган уй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелеби (үй-бүлөнү жекече өнүктүрүү планы) ж.б.; мында тастыктоочу документтер суралбайт.
6. Ведомосттун түп нускасы райондор аралык (райондук) эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берилет, тиркеменин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бир нускадан райондук мамлекеттик администрацияга (мэрияга), экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча аймактык органга жана көчүрмөнүн бир нускасы айыл өкмөтүндө сакталат.
7. Учурдагы/өткөн айда жардам алган же "Жумуштун ордуна азык-түлүк" схемасы боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып, азык-түлүк алуучулардын тизмесине кирген жарандар гуманитардык жардам алуучулардын тизмесине киргизилбейт.
8. Башка гуманитардык уюмдар/бизнес-коомчулуктар аркылуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн учурда мурда берилген гуманитардык жардамдын көлөмү эсепке алынат.
Гуманитардык жардам бөлүштүрүү тартибине тиркеме
Форма ______________________ облусунун _____________________ районундагы _______________ айыл өкмөтүнүн тургундарынын гуманитардык жардам алуу ВЕДОМОСТУ Бөлүштүрүү датасы: ______________________________ Гуманитардык жардамдын түрү: ____________________ Өлчөө бирдиги: __________________________________
№
Аты-жөнү (толугу менен, кыскартуусуз)
Туулган датасы
Иш жүзүндө жашаган дареги
Чогу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны
Алынган азык-түлүк жардамдын саны
Алгандыгы жөнүндө белги
Эскертүү (статус)
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу
Социалдык жөлөкпул алуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү . адамдар
Социалдык паспорттун болушу
Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө
Жумушсуз
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
1
2
3-тиркеме
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө МААЛЫМАТ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 122-б буйругунун редакциясына ылайык)
Облустун/райондун/шаардын аталышы
Унду бөлүштүрүү (кап менен)
Унду бөлүштүрүү (тонна менен)
Баткен облусу
11710
585,5
Баткен району
4961
248,05
Кызыл-Кыя шаары
417
20,85
Сүлүктү шаары
256
12,8
Кадамжай району
3988
199,4
Лейлек району
2088
104,4
Бишкек шаары
6000
300,0
Ош шаары
2600
130,0
Жалал-Абад облусу
34466
1723,3
Аксы району
6232
311,6
Ала-Бука району
4071
203,55
Базар-Коргон району
6239
311,95
Жалал-Абад шаары
662
33,1
Кара-Көл шаары
169
8,45
Көк-Жаңгак шаары
303
15,15
Майлуу-Суу шаары
49
2,45
Таш-Көмүр шаары
466
23,3
Ноокен району
1279
63,95
Сузак району
9125
456,25
Тогуз-Торо району
923
46,15
Токтогул району
3678
183,9
Чаткал району
1270
63,5
Ысык-Көл облусу
5352
267,6
Ак-Суу району
775
38,75
Балыкчы шаары
301
15,05
Каракол шаары
619
30,95
Жети-Өгүз району
1240
62
Ысык-Көл району
603
30,15
Тоң району
689
34,45
Түп району
1125
56,25
Нарын облусу
5622
281,1
Ак-Талаа району
1035
51,75
Ат-Башы району
1408
70,4
Жумгал району
1011
50,55
Кочкор району
682
34,1
Нарын району
1486
74,3
Ош облусу
26501
1325,05
Алай району
2899
144,95
Араван району
2506
125,3
Кара-Кулжа району
2434
121,7
Кара-Суу району
4610
230,5
Ноокат району
8037
401,85
Өзгөн району
4174
208,7
Чоң-Алай району
1841
92,05
Талас облусу
5898
294,9
Бакай-Ата району
1147
57,35
Кара-Буура району
2126
106,3
Манас району
583
29,15
Талас району
2042
102,1
Чүй облусу
1851
92,55
Аламүдүн району
247
12,35
Жайыл району
268
13,4
Кемин району
103
5,15
Москва району
148
7,4
Панфилов району
243
12,15
Сокулук району
296
14,8
Чүй району
129
6,45
Ысык-Ата району
417
20,85
Бардыгы:
100000
5000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 25-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча кошумча иш-чаралардын…Распоряжение · 25.01.2022 · № 25-р
- Распоряжение Правительство Кыргызской Республики от 10 апреля 2020 года № 122-р (Внести в распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 28 марта 2020 года № 110-р)Распоряжение · 10.04.2020 · № 122-р
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.