Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби жонундо) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 14-январы № 8-т Калктын социалдык аялуу катмарына колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду 11467,15 тонна (он бир миң төрт жүз алтымыш жети тонна бир жүз элүү килограмм) өлчөмүндөгү биринчи сорттогу унду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына (макулдашуу боюнча) 1-тиркемеге ылайык берсин.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды райондук борборлорго жана облустук маанидеги шаарларга жеткирүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштуруу үчүн 11765709 (он бир миллион жети жүз алтымыш беш миң жети жүз тогуз) сом суммасындагы каражатты өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды 3-тиркемеге ылайык маалыматтардын (разнарядканын) негизинде бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө калктуу конуш (жаңы конуш) статусуна ээ эмес турак жай массивдеринде жашаган, оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын категориясын эске алсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
1-тиркеме
Калктын социалдык аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервди жооптуу сактоочу ишканалар тарабынан биринчи сорттогу унду БЕРҮҮ
1. "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары:
- Ош облусу;
- Баткен облусу;
- Ош шаары.
2. "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, "Дан-ЮГ" жоопкерчилиги чектелген коому, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары:
- Жалал-Абад облусу.
3. "Дан" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаары:
- Талас облусу;
- Жалал-Абад облусу (Токтогул району);
- Чүй облусу (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору);
- Бишкек шаары.
4. "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары:
- Чүй облусу (Аламүдүн, Ысык-Ата райондору).
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун түндүк аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Чүй облусу (Чүй, Кемин райондору);
- Ысык-Көл облусу.
6. "Алтын Дан" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Нарын облусу.
2-тиркеме
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын алдында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси, экинчи орун басары болуп жарандык коомдун өкүлү эсептелет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аймактык коомдук кеңештердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (шаарларда) жетекчилери;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчысы.
2. Комиссия гуманитардык жардамды жакырчылыктын деңгээлин, жөлөкпул алуучулардын болушун, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү, ошондой эле аталган аймакта жашаган гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандарды эске алуу менен айыл өкмөттөр жана шаарлар боюнча бөлүштүрөт.
3. Комиссия гуманитардык жардамды өз убагында жана даректүү бөлүштүрүүнү (берүү) камсыз кылат.
4. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү гуманитардык жардам алууга ведомостту (мындан ары - ведомость) Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартибинин тиркемесине ылайык форма боюнча милдеттүү түрдө тариздөө менен жүргүзүлөт.
5. Ведомосттогу графалар гуманитардык жардам алуучунун сөздөрү боюнча төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- аты-жөнү, иш жүзүндө жашаган дареги (кыскартылбастан толук жазылат);
- эскертүүдө төмөнкү маалыматтар белгиленет:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу болуп эсептелеби; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп саналабы; гуманитардык жардамды алуучунун социалдык паспорту барбы; турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналабы (үй-бүлөнү жекече өнүктүрүү планы) ж.б.; мында ырастоочу документтер (анын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) гуманитардык жардамды алуучудан жана мамлекеттик органдардан суралат.
6. Ведомосттун түп нускасы райондор аралык (райондук) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына өткөрүп берилет, тиркеменин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бир нускадан райондук мамлекеттик администрацияга (мэрияга) жиберилет, көчүрмөнүн бир нускасы айыл өкмөтүндө сакталат.
7. Учурдагы/өткөн айда жардам алган же "Жумуштун ордуна азык-түлүк" схемасы боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып, азык-түлүк алуучулардын тизмесине кирген жарандар гуманитардык жардамды алуучулардын тизмесине киргизилбейт.
8. Башка гуманитардык уюмдар/бизнес-коомчулуктар аркылуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн учурда мурда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү эске алынат.
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартибинин тиркемеси
Форма ______________________ облусунун ______________________ районундагы ____________________ айыл өкмөтүнүн тургундарынын гуманитардык жардам алууга ВЕДОМОСТУ Бөлүштүрүү датасы: __________________________________________ Гуманитардык жардамдын түрү: ______________________________________ Өлчөө бирдиги: _________________________________________
№
Аты-жөнү (толугу менен, кыскартуусуз)
Туулган датасы
Иш жүзүндө жашаган дареги
Чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны
Алынган азык-түлүк жардамынын саны
Алгандыгы жөнүндө белги
Эскертүү (статус)
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу
Социалдык жөлөкпул алуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
Социалдык паспортунун болушу
Турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлө
Жумушсуз
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
1
2
3-тиркеме
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтар (разнарядка)
Облустун/райондун/шаардын аталышы
Унду бөлүштүрүү (кап менен)
Унду бөлүштүрүү (тонна менен)
Баткен облусу
23106
1155,30
Баткен шаары, Баткен району
11895
594,75
Кызыл-Кыя шаары
746
37,30
Сүлүктү шаары
1642
82,10
Кадамжай району
5212
260,60
Лейлек району
3611
180,55
Бишкек шаары
15847
792,35
Свердлов району
4310
215,50
Биринчи май району
4635
231,75
Ленин району
3622
181,10
Октябрь району
3280
164,00
Ош шаары
2827
141,35
Жалал-Абад облусу
61226
3061,30
Аксы району
9776
488,80
Ала-Бука району
9561
478,05
Базар-Коргон району
9053
452,65
Жалал-Абад шаары
2282
114,10
Кара-Көл шаары
368
18,40
Көк-Жаңгак шаары
338
16,90
Майлуу-Суу шаары
903
45,15
Таш-Көмүр шаары
1888
94,40
Ноокен району
2703
135,15
Сузак району
15814
790,70
Тогуз-Торо району
2176
108,80
Токтогул району
5013
250,65
Чаткал району
1351
67,55
Ысык-Көл облусу
17425
871,25
Ак-Суу району
1095
54,75
Балыкчы шаары
3286
164,30
Каракол шаары
2336
116,80
Жети-Өгүз району
3768
188,40
Ысык-Көл району
2058
102,90
Тоң району
2196
109,80
Түп району
2686
134,30
Нарын облусу
21212
1 060,60
Ак-Талаа району
3271
163,55
Ат-Башы району
3722
186,10
Жумгал району
4127
206,35
Кочкор району
4163
208,15
Нарын шаары, Нарын району
5929
296,45
Ош облусу
56223
2811,15
Алай району
6880
344,00
Араван району
6791
339,55
Кара-Кулжа району
3376
168,80
Кара-Суу району
15581
779,05
Ноокат району
13518
675,90
Өзгөн району
7049
352,45
Чоң-Алай району
3028
151,40
Талас облусу
10561
528,05
Бакай-Ата району
1161
58,05
Кара-Буура району
3212
160,60
Манас району
1461
73,05
Талас шаары, Талас району
4727
236,35
Чүй облусу
20916
1045,80
Аламүдүн району
2549
127,45
Жайыл району
1441
72,05
Кемин району
2645
132,25
Москва району
1675
83,75
Панфилов району
3779
188,95
Сокулук району (анын ичинде Ак-Ордо 2, 3 ж/к)
4079
203,95
Токмок шаары, Чүй району
3076
153,80
Ысык-Ата району
1672
83,60
Жалпы:
229343
11467,15
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122