КР Өкмөтүнүн «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» буйруку
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 27-марты № 109-б Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипте:
- мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудайдан жасалган 1 кг үчүн баасы 24 сом болгон I сорттогу 50 тонна унду, 1 кг үчүн баасы 16 сом болгон II сорттогу 50 тонна унду Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитета менен I жана II сорттогу унду сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитета белгиленген тартипте товарды кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кабыл алынган I жана II сорттогу унга ушул жылы республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каржылоосуна жараша акча каражатын төлөсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78