Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алынбай калган пайданын жана инфратүзүмдү камсыз кылууга чыгымдардын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 октября 2024 года № 169
1. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын суммасы жер участогуна укукту ырастоочу документ берилгенге чейин төлөнөт.
2. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толтурулбайт:
1) айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу же кургатуу үчүн арналган сугат тутумдарын куруу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз негизде берилүүчү турак үйлөрдү куруу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо, мектеп, мектепке чейинки балдар үчүн, социалдык мекемелердин, анын ичинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин объекттерин, маданият, искусство чөйрөсүнүн объекттерин жана чакан ГЭСтерди куруу;
31) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылуучу инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
5) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү электр өткөрүү чубалгыларын, мунай өткөргүчтөрдү жана башка өткөрмө түтүктөрдү куруу;
6) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү аскердик, жаратылыш коргоо, жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди (коруктарды, токой чарба мекемелерин, табигый, мемориалдык, улуттук жана дендрологиялык парктарды, ботаникалык бактарды, табигый, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык көрстөндөрдү) куруу.
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара линияларын жана чек аралык инфратүзүм объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу;
8) ата-мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын куруу;
81) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу;
82) мамлекеттик маанидеги объекттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде мамлекеттик муктаждыктар үчүн объекттерди куруу.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысын жүргүзүүдө айыл чарба, токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду толтурулбайт.
Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды жер мунапысы жайылтылган жер участогунун менчик ээси тартат.
4. (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби жана механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2018-жылдын 2-августундагы № 79, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3, 2021-жылдын 13 августундагы № 100 2022-жылдын 20-январындагы № 6, , 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № 143, 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 октября 2024 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков", "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 21 июля 2023 года № 143 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 января 2022 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Лесной кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2021 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 ноября 2020 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков", Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2018 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О введении моратория на перевод (трансформацию) орошаемых земель пашни в другие категории земель и виды угодий", "О переводе (трансформации) земельных участков")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 марта 2016 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О переводе (трансформации) земельных участков"Редакцияларды салыштыруу
21.10.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менчикте турган саламаттык сактоо, мектеп, мектепке чейинки алынып салынды: балдар, кошулду: балдар үчүн, социалдык алынып салынды: мекемелер, кошулду: мекемелердин, анын ичинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин объекттерин, маданият, искусство алынып салынды: чөйрөсүндөгү объекттерди кошулду: чөйрөсүнүн объекттерин жана чакан алынып салынды: ГЭС кошулду: ГЭСтерди куруу;
31) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, … № 6, , 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2023-жылдын 21-июлундагы № алынып салынды: 143 кошулду: 143, 2024-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 12.07.2023 · № 357
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"…Постановление · 03.06.2020 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 452-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана "Терек-Таш" ЖЧК жана "ЗЕНИТ" фирмасы"…Распоряжение · 24.08.2022 · № 452-р
- Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/17 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын…Постановление · 20.05.2022 · № 28-1/17
- Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 28-1/18 "Жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын…Постановление · 24.08.2023 · № 28-1/18
- Ильич айылдык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 28-1/18 "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун…Постановление · 20.05.2022 · № 28-1/18
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Трагасынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 167 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Мураталиев тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 25.03.2024 · № 167
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомуПостановление · 03.06.2020 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 756 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.10.2015 · № 756 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.04.2022 · № 22
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203953/st-5" title="5-берене - Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>